Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары дайындалды
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиевдин үстүбүздөгү жылдын 21-декабрындагы №905-буйругунун негизинде бүгүн, 24-декабрда, Кайыкова Роза Жазыбаева мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун ыйгарым укукттуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Эске сала кетсек, буга чейин Р.Кайыкова Ысык-Көл районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетов билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

