super.kg logo

Жеңиш Разаков: "Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун талаштуу тилкесинде тоннель курулат"

 

Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун талаштуу тилкесинде тоннель курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жеңиш Разаков кечээ, 19-мартта билдирди.

Айтымында, тоннелдин узундугу болжол менен 300 метрди түзөт. Долбоордун наркы 150-180 миллион сомду түзөрү болжолдонууда.

Учурда Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолун куруу иштери токтоп турат. Буга аталган жолдун 4-чакырымындагы талаштуу жер тилкеси себеп болууда. Ал жердеги тоону жардырууга тажик тарап каршы чыгууда. 150-200 метр такталбаган жер тажик улутундагы Кыргызстандын жараны Кыргызбай Абдуллаевге тиешелүү болгон. Тажик чек арачылары чатыр тигип алышып, "ал жер биздики" деп коргоп жатышат”,- деди Жеңиш Разаков.

Ошондой эле Жеңиш Разаков кандай болгон күндө да жол салынып, Ак-Сайды көз карандысыз жол менен камсыздаш керек экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.03.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар чатыр тигип алып олтурушат а биздикилердин чатыры жок беле. Ээ куйбогон жерин кул болот да.
20.03.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл жерде болсо да алданган кыргызым! Кантип 2200 жыл жашаган экенсин? минтип кошуналар менен тен ата суйлошо албай отурсак, 20 жылда жок болобузго кайран кыргыз! Эсин барда этегинди жапкыла биздин кекиртеги чон атка минерлерибиз!!!
20.03.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозунарды ачып отура бергиле тормоздор.
20.03.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул чек ара маселесин вице премер мин жолу суйлошсун чечилбейт.Алмазчик президенттер суйлошуп ошолор чечиш керек биздин бийлик президент баш болуп слабый болуп жатат.Бакиевти кетирбеш керек эле ошол тын эле аны сен жанындагы туугандарынды иштен ал сен кетесин болбосо башында туугандарым бийлике келбейт дегенсин деп иштесен озун иште деш керек эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: