super.kg logo

Нарын. Асыл тукум заводунун директору “мамлекетке 127 064 сомдук зыян келтирген” деп айыпталууда

 

17-мартта Нарын районундагы “Кыргыз Тянь-Шань жайыт жана мал чарбачылык илим изилдөө институту” аталышындагы мамлекеттик асыл тукум заводунун директору С.Ч. бир канча берене менен колго түшүрүлдү.

Нарын районунун прокуратурасы тарабынан аталган заводго текшерүү жүргүзүлгөн. Анда заводдун директору С.Ч. расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизип, мыйзамсыз түрдө 2313 килограмм “Казакстан-10 Элита” буудайын базар баасы 28 сом болгон учурда килограммын 9 сомдон сатканы аныкталды. 

Ошондой эле ал базар баасында ар бири 70 миң сомдон турган 4 жылкыны 50 миң сомдон сатканы белгилүү болду. Мындан улам мамлекетке келтирилген материалдык зыян 127 064 сомду түзгөн.

2014-жылдын 17-мартында Нарын районунун прокуратурасы тарабынан заводдун директору С.Ч. жана башка жооптуу адамдарга карата КРнын Кылмыш-жаза-кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чаап кетүү) жана 315-беренеси (кызматтык документтерди оңдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 20-мартта КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: