Ош. Өлкө башчынын сүрөтүн өрттөгөн Абдылда Капаровдун соттук отуруму 2-апрелге жылдырылды

Бүгүн, 20-мартта Ош шаардык сотунда мэр шайлоодон кийин өлкө башчынын сүрөтүн өрттөгөн Абдылда Капаровдун соттук отуруму 2-апрелге жылдырылды. Соттук отурумду судья Токтосун Жоробеков карады. Сот процессинин жылдырылышы соттолуп жаткан жарандын тарапташтары келбей калгандыгына байланыштуу болду.
Автор: Айсана Паизова
Эске салсак, 15-январда Ош шаарында өткөн мэр шайлоодон кийин борбордук аянтта митинг өткөн. Анда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл облустук администрациянын имаратына кирүүгө аракет кылган. Ошондой эле Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөп жиберген. Бул боюнча кылмыш иши козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

