super.kg logo

Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаевге шаардын тазалыгы боюнча эскертүү берилди

 

Бүгүн, 20-мартта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. 

Анда маалым болгондой, 2010-жылдагы окуядан кийинки дубалдардын архитектуралык талаптарга жооп бербегендигинен жана актап-сырдалбаганынан улам Ж.Жээнбеков шаар мэри Муктар Арапбаевге көчө тазалыгын иретке келтирүү тапшырмасын берди. Бул үчүн шаар мэрине 25-мартка чейин, 5 күн мөөнөт берилди.

Мындан сырткары шаарды жашылдандыруу максатында жаңы отургузулган көчөттөрдүн өсүүсүн карап, жашылдандырууга шарт түзүү тапшырмасы берилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: