super.kg logo
  Саясат  

"Республика" фракциясынын лидери кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 

“Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов бүгүн, 20-мартта кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу мекендештер!

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан 21-Март – Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз элинде эзелтеден Нооруз майрамы Жаңы күн, Жаңы жыл майрамы катары белгиленип, аны жылдын башаты катары жакшы тилек, илгери үмүт, жакшы маанай менен тосушат. Бул күнү Жер энебизде жаш бүчүрлөр ачылып, жан дүйнөбүздө да жаңылануу башталат.

Бул күнү баарыбызды өткөн иштерге кечиримдүү карап, бири-бирибизге кайрымдуу болууга чакырам. Ошондо гана турмуш өз нугу менен уланып, бакубат жашоого багыт алабыз.

Жыл менен жаңы жыл тогошуп, күн менен түн теңелип турган Нооруз майрамында баарыңыздарга чың ден соолук, бардар турмуш, бакубат жашоо, ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм. Нооруз майрамы жерибизди жамандыктан алыстатып, элибизге береке-кут алып келсин! Бабалардан калган улуу майрам өлкөбүзгө тынчтык жана токчулук алып келсин!”- деп айтылат куттуктоодо. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: