Кара-Кулжа районунда кар көчкүдөн каза болгон окуучулардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлөт
Ошто кар көчкүдөн каза болгон окуучулардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, өкмөттүн Ош облусундагы толук жана ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков каза болгон 9-класстын окуучулары Жеңишбек кызы Тахмина жана Заирбек кызы Дилбаранын үй-бүлөлөрүнө 20 миң сомдон материалдык жардам берүү тууралуу чечимге кол койду. Эске салсак, Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда окуучулар жылгаяк тээп жаткан адырда кар көчкү түшүп, кардын алдында 9 окуучу калган. Алардын 7си аман калса, 2 окуучу каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

