super.kg logo
  Саясат  

Президент “Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалицияны түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду

 
Бүгүн, 20-мартта президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Жогорку Кеңешинде парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү жөнүндө” жарлыгына кол койду.

Жарлыктын тексти:

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде фракциялардын “Ырыс алды – ынтымак” коалициясы парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугуна байланыштуу, КРнын Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 2, 7-бөлүктөрүнө, “КРнын Өкмөтү жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацына ылайык токтом кылам:

1. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү жана 2014-жылдын 11-апрелинен кечиктирбестен КРнын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү, Жогорку Кеңеш тарабынан КРнын Өкмөтүнүн программасын кароону жана бекитүүнү, түзүмүн жана курамын аныктоону камсыз кылуу сунуш кылынсын.

2. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына парламенттик көпчүлүк коалициясын жана коалициялык макулдашууну түзүүнүн жүрүшүндө бийликтин бардык бутактарынын башкы милдети болуп мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын сөзсүз ишке ашыруу эсептелерин көңүлгө алуу сунушталсын.

3. Парламенттик фракциялар парламенттик көпчүлүк коалициясын жана коалициялык макулдашууну түзгөндө КРнын Конституциясын бекем сактасын.

Коррупциялык коркунучтарды эске алып, административдик ведомстволордогу, башка органдардагы жана уюмдардагы кызмат орундарын фракциялар ортосунда бөлүштүрүүнүн колдонуудагы практикасынан баш тартып, коалициялык макулдашууда КРнын Өкмөтүнүн гана курамын аныктасын.

4. Бул жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: