super.kg logo

Жалал-Абад облусунда "Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы!" деген аталышта иш-чара өттү (фоторепортаж)

 

Кечээ, 19-мартта Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» ат майданында «Мыктыгерлер кылмыштуулукка  каршы!» деген ураандын астында мектеп окуучулары арасында иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Мектеп окуучуларынын алгачкы аскердик жана спорттук даярдыктарын жакшыртуу, сергек жашоого үндөө, ынтымакты, биримдикти чыңдоо жана аларды эрктүүлүккө, патриоттуулукка, башка өспүрүмдөргө үлгү болуу

максатында профилактикалык иш-чаранын алкагында облустук деңгээлде ишке ашты. 

Ошондой эле келе жаткан Жаңы жылыбыз - Нооруз майрамына карата иш-чаранын 2-этабы 

Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилигинин уюштуруусунда, Жалал-Абад  облусундагы Ооган согушунун ардагерлеринин, укук коргоо жана күч органдарынын демилгеси менен коомчулуктун катышуусунда өттү.

Эске салсак, бул иш-чаранын 1-этабын облустун ар бир шаар-райондорунда акимдер, айыл өкмөттөрдүн, билим берүү бөлүмдөрүнүн жана РИИБдин жетекчилери уюштурушуп, 23-Февраль - Мекенди  коргоочулардын күнүнө карата жер-жерлерде өткөрүлүп, жыйынтыкталган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: