super.kg logo
  Саясат  

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 20-мартта кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. 

"Урматтуу шаардыктар! Кадырлуу шаарыбыздын меймандары!

Бүгүн кылым карыткан карт тарыхы бар ордолуу Ош шаарына кут келип, улуу-кичүү, кары-жаш дебей жаздын жакшылыктарынын, аруу тилектердин данакери болгон Нооруз майрамын салтанаттуу белгилөө алдында турабыз. Сиздерди Ош шаарынын мэриясынын, жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр, бактылуу турмуш жана майрамдык маанай каалайм. 

Чыгыш элдеринде Нооруз менен башталган жаңы жылды элибиз ар убак сүмөлөк кайнатып, аластап, Жараткандан жакшылыктарды тилеп тосуп келишкен. Президенттин жарлыгы менен 2014-жыл - Мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылы деп жарыяланышы бул багытта биздин алдыбызга олуттуу милдеттерди коюп отурат.

Урматтуу замандаштар!

Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм! Нооруз менен башталган жаңы жылыбыз ар дайым жакшылыктын, аманчылыктын, кубаныч-шаттыктын жана жигердүү эмгектин жылы болсун.

Майрамыңыздар менен!"- деп айтылат куттуктоодо. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: