Ош. Депутат Осмоналиев Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда иш сапары менен болду




Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда болду. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач окуу жайдын жаңы курулуп жаткан окуу имараты менен таанышып чыкты депутат.
Мындай иштин башталышын чоң жетишкендик деп эсептеп, жамааттын жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Осмоналиевдин курулуп жаткан имаратка мамлекет тарабынан акчанын бөлүнүшүнө жардам берерин айтканы белгилүү болду.
Окуу жайдын жетекчилиги эгер акча бөлүнсө, имарат 2015-жылы курулуп бүтмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

