super.kg logo
  Саясат  

Таалайбек Айдаралиев менен Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси айыл чарба тармагындагы маселелерди талкуулашты

 

КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Сауд Арабиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдуррахман бин Саид бин Мухаммед Аль Жума мырза менен жолугушту. Бул тууралуу 20-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда эки мамлекет ортосунда айыл чарба тармагы боюнча кызматташуу жөнүндө пикир алышты.

Сауд Арабия падышалык мамлекетинин ыйгарымдуу өкүлү Кыргызстандын экологиялык жактан таза кой этинин продукцияларын Арабияга экспорттоону сунуштады. Ошондой эле элчи Кыргызстандан жылына 1 миллиондой баш койдун этин алууга даяр экенин белгиледи.

Тараптар жолугушуу айыл чарба тармагы боюнча эки мамлекеттин мындан аркы кызматташуусун бекемдей тургандыгын белгилешти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: