super.kg logo
  Саясат  

“Ата Журт” партиясы: “Кыргыз бийлиги Украинадагы фашисттерди эмес, Орусияны колдошу керек”

 

“Ата Журт” партиясы Крымдагы кырдаал боюнча Орусиянын аракетин толук колдойт. Маалымат бүгүн, 20-мартта партиянын кайрылуусу аркылуу жарыяланды. “Ата Журт” Украинадагы окуяларды радикалдар менен фашисттер жасаган аскердик төңкөрүш деп эсептейт.  

“Майдандагы акциялардын арты менен бийликке келген саясатчылар бүгүн куралчан радикалдык күчтөрдү жана фашизмди жактоочуларды угууга аргасыз. Дал ошолордун басымы менен украиналык жаңы бийлик орус тилдүү жарандардын укугун одоно бузуп чечим кабыл алууда. Орус тили - баары, анын ичинде кыргызстандыктар үчүн да эл аралык пикир алмашуунун тили” деп айтылат билдирүүдө.

"Ата журтчулардын" пикиринде Украинанын убактылуу бийлиги кабыл алып жаткан бүгүнкү чечимдер Орусияга каршы күчтөрдүн жана фашисттик топтордун көрсөтмөсү менен жасалууда.

Билдирүүдө “Биздин партия крымдыктардын аракетин жана референдумдун жыйынтыгын толугу менен колдойт. Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүнкү күндө көп кырдуу дүйнөнү бекемдөөгө тарыхый кадамдарды жасап жатат. Дүйнө бир өлкөнүн башкаруусунан чарчады. Орусия президентинин бул адилетсиздикке каршы күрөшү дүйнө жүзү боюнча колдоого алынышы керек” деп айтылат.

Кыргыз бийлиги Украинанын жаңы бийлигин колдогон түшүнүксүз билдирүүлөрдү тараткандан көрө, токтоосуз түрдө Орусиянын демилгелерин колдой турганын жарыялашы зарыл деп эсептейт “ата журтчулар”. 

"Украинада бийлик радикалдар менен фашисттердин колуна өттү. Алар эч ким менен эсептешпейт. Бул окуялардын толкуну менен бийликке келген саясатчылар аталган топ менен эсептешүүгө аргасыз, алар өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлгө ала алышпайт. Ошондуктан Украинада элдик революция болду деп эсептебейбиз. Бул куралдуу төңкөрүш. Кыргыз бийлиги ушул окуялардан сабак алышы керек” деп аяктайт билдирүү. 

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Кыргызстан Виктор Януковичти Украинанын легитимдүү президенти деп эсептебейт" деп билдирүү жасаган. Маалыматта “Өз элинин ишенимин жоготкон, иш жүзүндө президенттик укуктарынан ажырап калган, атүгүл өз өлкөсүн таштап кеткен президент мыйзамдуу боло албайт. Украинанын мурдагы бийликтеринин ойлонулбаган аракеттери жана коррупцияланып кеткени өлкөнү бүгүнкү кризиске жеткирди жана ондогон күнөөсүз адамдардын өлүмүнө себеп болду" деп жазылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: