Эрлан Абдылдаев Индиянын Соода-өнөр жай федерациясынын өкүлү менен кызматташуу тармагында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү



Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев 20-март күнү Индиянын Соода-өнөр
жай федерациясынын өкүлү Шарад Гоел менен
жолугушту.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка
ылайык, жолугушууда тараптар эки мамлекет ортосундагы соода тармагындагы
кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Эрлан Абдылдаев Кыргыз-Индия
бизнес форумун жыл сайын өткөрүү, көргөзмөлөрдү жана жарманкелерди уюштуруу
керектигин белгилеп өттү. Мындан сырткары Кыргызстандагы экономикалык ири
долбоорлорду инвестициялоого чакырды.
Индиядан келген
делегациянын башчысы Шарад Гоел эки өлкө
ортосундагы бизнес форумдун жогорку деңгээлде өткөнүн айтып, гидроэнергетика, тоо-кен
өнөр жай, медицина, билим берүү жана жаңы технологиялар тармагында да
кызматташууну сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

