super.kg logo

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата театрлаштырылган концерттик программа болууда (фоторепортаж)      

 
Сахнанын эки бурчуна селкинчектер орнотулуптур.
Быйыл борбордук аянтка 4 боз үй тигилди.
Аянтта кыргыз күүлөрү да жаңырды.
Майрамдык көрүнүштөн...
Майрамдык көрүнүштөн...
Майрамдык көрүнүштөн...
Оркестрдин коштоосунда ырлар жаңырды.
Күн нурун чагылдырган бий элге тартууланды.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн...
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн...
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн...
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн...
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн...
Элге ар улуттун бийлери тартууланды.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн...
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн...
Элге "Кара жорго" бийи тартууланууда.
Ильяз Андаш элди Нооруз майрамы менен куттуктап, ыр белек сунду.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн...
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн...
Майрамдык иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов өзү да күбө болуп отурду.
Аянтка кары-жаш дебей келишкен.
Карылар үчүн аянтка атайын отургучтар коюлуптур.
Ырчыларга кошулуп бийлеген бөбөк.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн...
Майрамдык салтанаттын жүрүшүнөн...
КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева менен Курал Чокоев элге ыр белек сунушту.
КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева менен Курал Чокоев элге ыр белек сунушту.
Элге ар улуттун бийлери тартууланды.
Майрамдык көрүнүштөн...
КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, ыр белек сунду.
Жаштар ордо оюнунун заманбап түрүн ойношууда.
Ордо оюнунун заманбап түрүндө минтип акча коюлат экен.
Майрамдоо менен бирге өз ишин аткарып жүргөн сатуучу.
Аянтта шаардыктар үчүн атайын көңүл ачуучу нерселер уюштурулган.
Сүмөлөктөн сырткары нандын түрлөрү сатылууда.
Мурдагы жылдардан айырмаланып быйыл сүймөлөк сатуучулар "Ала-Тоо" аянтына киргизилбептир. Алар Тыныстанов көчөсүнүн боюнан орун алышкан экен.
Сүмөлүктүн 100 граммы 30 сомдон сатылууда.
Сүмөлүктүн 100 граммы 30 сомдон сатылууда.
Сатуучулар сүмөлөгүнүн жанына өнүп жаткан буудайды да коюп алышыптыр.
Сүмөлөк сатууну бизнеске айланткандар минтип атайын банкаларга салып алып келишиптир.

Бүгүн, 21-мартта Бишкекте, борбордук "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамын белгилөө иш-чарасы башталды. Күн бир аз бүркөк болсо да, элдин маанайы "5". Аянтка боз үй тигилип, театрлаштырылган концерттик программа жүрүп жатат. Нооруз майрамы келгени жар салынып, арча түтөтүлүп, алас айтылды. Майрамдык салтанат кыргыз эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы "Нооруз" ыры менен ачылды. 

Бул ыр жаңырган соң сахнага президенттин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурканбек Момуналиев чыгып, шаар тургундарын жана конокторун бүгүнкү улуу Нооруз майрамы менен куттуктап, элге тынчтык, токчулук, бакыт каалашты. Ушундан кийин концерттик программа ачык деп жарыяланып, элге ар улуттун ыр-бийлери тартуулана баштады.

Негизи, бүгүн "Ала-Тоо" аянтында жүргөн элдин маанайы көтөрүңкү десек болот. Айрымдары ырчы-бийчилерге кошулуп ырдап-бийлеп жатышты. Аянтта шаардыктар үчүн атайын оюн-зооктор уюштурулуптур.

Албетте, Нооруз майрамын сүмөлөксүз элестетүү кыйын. Өлкөбүздүн ар кайсы бурчунан жасалып алынып келинген сүмөлөктү эл сатып алып, тамшануу менен жеп жатышканына күбө болдук. Бул жылы сүмөлөктүн 100 граммы 30 сомдон сатылууда. 






Нооруз - көӊүл көтөргөн көктөм майрамы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
21.03.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыркы окмот башчылары тым эле майрамды уюштурганга шыктуусунар. канча кыргыз жерлерин коншу мамлекетер тосуп алып жатат эмне жумуш кылып жатасынар озу. креслону кучактап уйкудан бошобой жатасынарда
21.03.2014. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун болуптур, аииий бир коз жоосун алган укмуш майрам болуптур. Элдер, кыргыз калкы ушундай маданиятка жакындап, пикеттерден алыс болуп жатканы суйундурот. Бар бол ак калпак Кыргызым!
SUPER.KG видео
21.03.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эээх кыргызым ушундай кулуп жайнап митинги жок эле жашай береличи...
SUPER.KG видео
21.03.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз элимди Нооруз майрамы менен куттуктайм!!!
SUPER.KG видео
21.03.2014. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нооруз майрамыныздар менен Москвалык тар коруп алып жаман козум куйду
SUPER.KG видео
22.03.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эй биз москвада журуп майрамды деле иш менен откордук кандай соонун откоруп жатышатко. Кыргыз элим Нооруз майрамынар менен!!!
SUPER.KG видео
22.03.2014. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оба биз Кыргыздар башкачабыз Алга Кыргызстан!!!! Соннун болуптур мен да азыр Америкадан коруп туруп баргым келип кетти
22.03.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
НООруз майрамын менен кыргыз калкым!
SUPER.KG видео
22.03.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх.. Кыргызстан сагындым
SUPER.KG видео
22.03.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ах сумолок, кара жорго бийи, элдин маанайы булардын баары мага аябай жакты. Сонун болуптур, кыргыз элимдин жузундо ар дайым ушундай кубаныч болсун.
SUPER.KG видео
22.03.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар дайым кулуп журолу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: