super.kg logo

Москвада кыргызстандык кинорежиссёр Динара Асанованы эскеришти

 

20-декабрда Орусиянын Москва шаарындагы Кино үйүндө кыргызстандык кинорежиссёр, Орусиянын Искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты Динара Асанованын 70 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандагы Орусиянын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Кечени кыргыз элчилиги уюштурду.  Иш-чарага кинорежиссёрлор, сценаристтер, сынчылар, коомдук ишмерлер катышты. Алар: Али Хамраев, Алексей Петренко, Елена Цыплакова, Ольга Машная, Людмила Донец, Леонид Павлючик, Александр Поздняков, Б.Криштуп жана Динара Асанованын жакындары, достору, Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү. Катышуучуларга кинорежиссёр М.Чудиновдун “Динара Асанова” деген даректүү тасмасы көргөзүлдү. 1942-жылы Фрунзеде туулган Асанова өмүрүнүн көп жылын Орусияда өткөргөн жана Мурманск облусунда 1985-жылы каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: