super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкы инвестициялык насыяларды берүү жөнүндө эки келишимге кол коюшту

 

20-мартта “Кыргызстанга айыл чарба техникасы үчүн каржылоо” жана “Бишкек - Ош унаа жолун реконструкциялоо. Фаза VI” долбоорлору боюнча кыргыз өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын "Каатчылыкка каршы" фондунун башкармалыгы ортосунда келишимге кол коюлду.

Документтерге каржы министринин милдетин аткаруучу Ольга Лаврова жана Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Игорь Финогенов кол коюшту.

Маалыматка ылайык, “Бишкек - Ош унаа жолун реконструкциялоо. Фаза VI” долбоорлоруна ЕӨБ жалпы суммасы 60 миллион доллар каражатты 20 жылга жылына 1 пайыз үстөгү менен насыяга берет. Жеңилдетилген убакыт - 8 жыл. Бул каражатка Бишкек - Ош жолундагы Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки 67 чакырым унаа жолу оңдолот.

“Кыргызстанга айыл чарба техникасы үчүн каржылоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн аталган банк 20 миллион долларды 20 жылга жылына 1 пайыз үстөгү менен насыяга берет. Жеңилдетилген убакыт - 8 жыл.

Бул каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан айыл чарба техникаларын сатып алууга, кийин айыл чарбалык субъектилерине лизингге берүү үчүн колдонулат.

Аталган келишим Жогорку Кеңешке ратификациялоо үчүн киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: