Бүгүн, 21-мартта Бишкекте 2 саатка созулган спорттук иш-чаралар болуп өттү (фоторепортаж)
Командалык оюндардан баскетбол көп көрүүчү чогулта алды.


Командалык оюндардан баскетбол көп көрүүчү чогулта алды.

Оор атлетика боюнча жарыштар. Турган штанганы көтөрүү үчүн кезек күткөндөр көп болду.

Оор атлетика боюнча жарыштарга белгилүү спортчу, учурда машыктыруучулук менен алектенип жүргөн Улан Молдодосов (оңдон экинчи) көз салып турду.

Кыздар гимнастика боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшүүдө.

Татами жайылып, дзюдо боюнча өнөрлөрүн көрсөткөндөр да болду.

Топту кол менен алыстыкка ыргытуу боюнча жарыштар мектеп окуучуларынын курчоосунда өттү.

Алыстыкка секирүү мектеп окуучуларынын арасында өттү.

Каратэ боюнча атайын көрсөтмө болду. Жигиттер кезек-кезеги менен өнөрлөрүн тартуулашты.

Жалаң уландардын катышуусундагы кол күрөш спорту. Каалагандар атын жаздырып, өз күчтөрүн сынап жатышты.

Стол үстүндө ойнолуучу теннис боюнча кыздар жана балдар арасында таймаштар болду.

Адатта отуруп алып ойнолуучу тогуз коргоол оюнун жаштар тикесинен тик туруп ойноп жатышты. Элге алардын канча турганы эмес, оюндун канчага созулганы кызык экени байкалып жатты.

Он-ондон 2 командага бөлүнгөн тараптар кызуу аркан тартыш оюнун көрсөтүп беришти.

Ордо оюну.
Бүгүн, 21-мартта борбор шаардагы эски аянтта Нооруз майрамына карата Бишкек шаардык спорт комитети спорттук иш-чара уюштурду. 2 саатка созулган иш-чара алкагында 12 спорт түрү боюнча көрсөтмө мелдештер жана 9 спорт түрү боюнча атайын мелдештер өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Tentek1

21.03.2014. 16:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каап жумуштан бошобой калбадымбы,Атайын бугун барып Ордо ойноп келсемби деп жаттым эле,
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.