super.kg logo

Бишкек шаарында бир канча уурулук, тоноо фактыларынын бети ачылды

 

Өткөн жылдын ноябрь айында Токтогул-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран күч колдонуп Бишкек шаарынын тургуну Ш.Нурсултандын 8000 сомдук Нокиа үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алган. Кылмышка шектүү катары борбор калаанын тургуну С.Тагир кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-мартта билдирди.

Ошондой эле Аламүдүн районунун жашоочусу З.Алланы эки бет капчан адам тапанча менен коркутуп, 6000 сом акчасын тартып алган. Бул кылмышка шектүү катары Сокулук районунун тургуну М.Элдияр кармалды.   Сүйөркулов көчөсүндөгү дүкөндүн жанынан белгисиз адамдар Бишкек шаарынын тургуну М.Армандын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 3500 сомун, 2 евросун жана Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Бул ишке шектелип А.Руслан кармалды.

Февраль айында Т.Алтынбектин Фрунзе көчөсүндө токтотулуп турган Volvo үлгүсүндөгү унаасынан белгисиз адамдар 2 аккумуляторду уурдап кетишкен. Жалал-Абад облусунда туулган А.Улукбек кармалып, убактылуу кармоочу жайга жиберилди.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: