Жаш активисттер Кыргызстандагы эң узун бойлуу жаран Жеңишбекке социалдык тармактар аркылуу чогултулган каражатты тапшырышты





Бүгүн, 21-мартта Кыргызстандагы эң узун бойлуу адам Жеңишбек Райымбаевге жардам көрсөтүү үчүн чогулган каражатты жаш активисттер анын колуна тапшырышты. Орусияда жүргөн студенттер менен мигранттардан жана Кыргызстанда жашаган жарандардан 20 000 сомдон ашык каражат чогулган.
Кошумчалай кетсек, Жеңишбектин жардамга муктаж экенин уккан Орусиядагы кыргыз атуулдары 11-мартта социалдык тармактардын бириндеги “Керемет жерим - Кыргызстан” аттуу топко тема ачып, каражат чогулта башташкан. Жеңишбектин дарысына жана жалпы эле күнүмдүк керектөөлөрүнө жарагыдай каражат топтоо демилгеси Орусияда окуп жүргөн студенттерге таандык экенин топтун активдүү мүчөсү Турсунбек уулу Максат бүгүн, 21-мартта SUPER.KG порталына билдирди.
Активисттер эң узун кыргыз Жеңишбекке жардам беришти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Супер Инфо ушул жигиттин жашаган жерин толук аты жонун жазып койсонор и телефон номерин да Россияда Москвада иштеп жургон жардам берет элем дегендер чыгып атат ойдо жакта банктан болсо да акча жиберишип жардам бергендер чыгар. Азыр Золотая Корона менен которсон которгонго копеейка эле кетет кыргызстандын любой жеринен банктан акчасын ала берсе болот.
Бою 2,5 метер