super.kg logo

Петровка айылынын тургунунун үйүнөн скотч менен оролгон баңгизаты табылды

 

Чүй облусунун Мыйзамсыз баңгизатын сатуу менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан республиканын аймагында баңгизатын жайылтуу менен алектенгендерди жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү.

20-мартта Москва районунун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп эсептелген Петровка айылынын тургунунун үйүнөн милиция кызматкерлери скотч менен оролгон баңгизатын табышкан. Анын салмагы 2 килограмм 169 граммды түзгөн. Аталган кылмыш иши боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга жиберилди.

 

Баңгизатын мыйзамсыз кармоо жана сатууга шектелип Панфилов айылынын 1970-жылы туулган тургуну М.Ж. да кармалды. Анын үйүнөн 200 граммдык 12 стаканга салынган марихуана оролгон пакетти табышкан. Анын салмагы 400 граммдай. Кармалган адам мурда эч кандай шек жараткан эмес. Ал динге ишенген, 5 жолу намаз окуган, сакалын өстүрүп, дайыма узун кийим кийип жүрчү. Факт боюнча Панфилов районунун РИИБи кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.03.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намаз окуйт деп эле жаман көрсөтө беришет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: