super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясы көпчүлүк коалицияны түзүү боюнча фракцияларга расмий түрдө дүйшөмбү, 24-мартта кайрылат

 

Парламенттеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалицияны түзүү боюнча фракцияларга расмий түрдө дүйшөмбү күнү, 24-мартта кайрылат. Муну аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

 “Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин КСДП фракциясына парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүүнү сунуштоо менен Кыргызстандын Конституциясын бекем сактоону сунуштады”,- дейт Турсунбеков.

Айтымында, эл арасында өкмөттөгү кызмат орундарын бөлүштүрүү тууралуу ар кандай кептер жүрүүдө. “Мамлекет башчы административдик ведомстволордогу, башка органдардагы жана уюмдардагы кызмат орундарды фракциялар ортосунда бөлүштүрүү практикасынан баш тартууга чакырды. Президент менен жолугушууга катышкан бардык фракция лидерлери аны колдошту. Чынында эле ушундай сөздөр болуп келген, аларды токтотуу үчүн көпчүлүк жаңы коалицияны түзүү боюнча иш-аракеттер Конституциянын чегинде гана жүргүзүлөт”,- деди КСДПнын лидери. Маалыматты ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

 

Көпчүлүк коалицияны түзүү боюнча Турсунбеков буларды билдирди. “Бардык фракциялар көпчүлүк коалицияга кирүүгө укуктуу, аларга жаңы коалицияга кирүү сунушталат. Фракциялардын өкмөттүн түзүмү жана курамы, анын иши, премьер-министрликке талапкер тууралуу сунуштарын угуп, позициялары жакын фракцияларды аныктайбыз. Азырынча бейрасмий консультациялар жүрүүдө”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: