super.kg logo
  Саясат  

Украина Крымга электр жарыгын берүүнү чектеди

 

Эки электр өткөрүүчү чубалгыларын оңдоого байланыштуу 23-март, жекшемби күнү Крымга электр энергиясын берүү убактылуу чектелди. Маалымат чет элдик ММКлар аркылуу жарыяланды. Чубалгылар: “Каховка-Островская, “Мелитополь-Жанкой”. Симферополдун айрым аймактары, Ялта, Алушта, Евпатория жана башка жерлер жарыксыз калды.

Крымдын биринчи вице-премьер-министри Рустам Темиргалиев жекшемби күнү “Укрэнерго” электр энергиясын берүүнү 50 пайызга азайтканын билдирди. “Крым окуялардын мындай бурулушуна даяр болчу. Биз эмнеге барганыбызды түшүндүк. Электр энергиясын үнөмдөө болот, бирок кризис, катастрофа болбойт”,- дейт ал.

Темиргалиев электр энергиясын берүүнү чектөө Киевдин Москвага карата шантажы деп эсептейт. “Мындай кадам айланып келип Украинанын өзүнө тийиши мүмкүн. Украинанын газ боюнча Орусияга ири карызы бар экенин унутпаш керек. Украинанын бүт түштүк-чыгыш аймагы Киевдин бул кадамына терс баа берерин да эстен чыгарбоо зарыл. Бул нааразычылыктарды ого бетер күчөтүшү мүмкүн”,- деп билдирет Темиргалиев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: