super.kg logo

Малайзия. Француз спутнигинин маалыматынан кийин жоголгон учакты издөө аянты кеңейтилди

 

Француз спутниги Инд океанынын түштүк жагында сууда калкып жүргөн калдыктарды байкап, аны дайынсыз жоголгон малайзиялык Боинг-777 учагына тиешелүү деп божомолдоодо. Бул тууралуу 23-мартта издөө операциясына катышып келе жаткан Австралия бийлигинин өкүлдөрү жарыялашты.

Австралиянын премьер-министринин орун басары Уоррен Трасстын айтымында, спутник буга чейин издөө жүргөн зонадан түндүккө карай 850 чакырым алыстыктан калдыктарды байкай алган. Мындан улам жоголгон учакты издөө аянты кеңейтилет. Аталган маалыматтар божомол гана экенин айтып, издеп жаткандар үчүн ар бир жаңы маалымат маанилүү экенин белгиледи.

8-мартта Малайзиядан Кытайга учуп баратканда жоголуп кеткен учак бүгүнкү күнгө чейин изделип, жыйынтык чыкпай келет. Бортунда 239 жүргүнчүсү бар учак акыркы жолу Түштүк Кытай деңизинин үстүндө учуп бара жатканда байланышка чыкканы айтылган. 

20-мартта Австралиянын премьер-министри жоголгон учакка тиешелүү калдыктар табылгандыгы тууралуу божомолдорду айткан. Бул маалыматтан кийин 21-мартта Кытай дайынсыз жоголгон малайзиялык Боинг-777 учагын издөө үчүн Австралияга 3 кеме жана 1 муз жаргыч кеме (ледокол) жөнөткөн. Издөө иштерине 30га жакын мамлекет тартылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.03.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо чон самолёт кайда болушу мумкун?
24.03.2014. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эртен бир мусулман террорист угон кылган деп чыгышат да
24.03.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы 21 кылымда жашайбыз деп кой.
24.03.2014. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор. Табылсында еми.
24.03.2014. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мир издеп таппай атат ушуну. Кудай озу сактасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: