super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Аксы окуясы жана 24-марттагы элдик көтөрүлүш кыргызстандыктардын эркиндикке болгон умтулуусун далилдеди"

 

Президент Алмазбек Атамбаев 2005-жылдын 24-мартындагы элдик көтөрүлүштүн 9 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти төмөндө:

“Урматтуу мекендештер!

"9 жыл мурда, 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстандын эли көтөрүлүшкө чыккан. Адилетсиздикке жана уурулукка, мыйзамсыздыкка жана зомбулукка каршы көтөрүлгөн. Жогорку Кеңешке шайлоо учурундагы одоно мыйзам бузуулар, ыплас аракеттер элдин кыжырын келтирип, чечкиндүү кадамга барууга мажбур кылган.

Ал күндөрдө ар бирибиздин жүрөгүбүздө чоң үмүт жаралган. Жамандыктын баары артта калды, мындан ары Кыргызстанда үй-бүлөлүк-кландык башкаруу кайталанбайт деп үмүттөндүк. Тилекке каршы, көп узабай элдин үмүтү акталбай калгандыгы анык болду. Элдин жеңиши уурдалды. Бир жексур режим экинчиси менен алмашылып гана калды. Эгерде элдин кызыкчылыгына чыккынчылык жасалбаганда, Кыргызстан ошондо эле бутуна бекем туруп, жарандарына татыктуу жашоону камсыздоого жетишмек. 2010-жылдын апрелиндеги  жоготуулар, июнундагы трагедия болмок эмес.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Аксы окуялары жана 2005-жылдын мартындагы элдик көтөрүлүш кыргызстандыктардын эркиндикке жана адилеттикке болгон умтулуусун далилдеди. Муну биз эч качан эстен чыгарбайлы! Кыргызстандын жаркын келечегин куралы! Биргелешип элибизге бейпил жана бакубат жашоо камсыздайлы! Жараткан тилегибизди кабыл кылсын! Элибизди, жерибизди колдосун!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: