super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте кыргыз-кытай эки тараптуу экономикалык кызматташуунун перспективалары талкууланды

 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Түндүк регион аралык башкармалыктын башчысы Зайнидин Жумалиев, Кытай Эл Республикасынын Коммерция департаментинин мүдүрү жана провинциянын ишкердик чөйрөсүнүн башында турган Цинхай провинциясынын өкүлдөр тобунун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай эки тараптуу экономикалык кызматташуунун өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба, кайра иштетүү, энергетика, минералдык ресурстарды казып чыгаруу, туризм тармактарындагы перспективаларын талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын товар алмашуусу 2012-жылы 1271,6 миллион долларды, ал эми 2013-жылы 1328,7 миллион долларды түздү. Эки мамлекет ортосундагы товар алмашууну талдап көрсөк, акыркы жылдарда анын туруктуу өсүшү байкалууда. 2012-жыл менен салыштырганда 2013-жылы 115 пайыз өсүш байкалган. Бул тууралуу 21-мартта Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: