super.kg logo

Ош облусунун мусулмандарынын казыяты ишембилик иш-чарасын өткөрдү

 

22-март күнү Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин буйругунун негизинде Ош облустук мусулмандар казыятынын уюштуруусу астында облустун бардык райондорундагы мечиттердин айлана-чөйрөсүн тазалоо жана көрктөндүрүүгө багытталган ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишембиликке казыяттын кызматкерлери да активдүү катышып, Кара-Суу районундагы Нариман, Кашкар-Кыштак, Кызыл-Кыштак жана башка бир канча айылдык аймактарга барып, жардам берип келишти.

Дагы бир өзгөчөлүк катары Ноокат районунда мечиттердин айланасын дарактар менен жашылдандыруу максатында 820дан ашуун көчөт отургузулду. Өзгөн шаарында да 30 мечиттин коргонуна көчөттөр отургузулуп, айлана-чөйрөсү тазаланып, арыктар чабылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: