Ноорузга карата салтанат уюшулган аянттардан 40 куб метр таштанды чогултулду
21-март күнү Нооруз майрамы кызуу белгиленген эски аянт жана “Ала-Тоо” аянтын майрам күнү тазалоодо 40 куб метр таштанды чыгарылды. Бүгүн, 24-мартта “Тазалык” муниципалдык ишканасы билдиргендей, майрам күнү чогулган элден калган таштандыларды тазалоого 6 таштанды ташуучу унаа, суу чачып тазалоочу 4 унаа жана 160 киши катышты.
Маалыматка ылайык, аянтты тазалоо иштери 21-март күнү 22:00дө башталып, 3 саатка созулган. Анда эски аянт жана “Ала-Тоо” аянты тазаланды. Андан тышкары Тоголок Молдо-Абдрахманов, Фрунзе-Токтогул көчөлөрүнүн аралыктары боюнча да тазалоо иштери болуп өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.