“Оштун жашоочулары мөмө-жемиштерин Кытайга сатууга жардам берүүнү суранышууда” дешти депутаттар
Оштун жашоочулары мөмө-жемиштерин Кытайга сатууга жардам берүүнү суранышууда. Муну бүгүн, 24-мартта ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров билдирди. Депутат Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык жактан таза мөмө-жемиштерин Кытайга өткөрүү кыйынчылык жаратып жатканын айтат.
“Ош облусунун тургундары өздөрүнүн гиласын Кытайга экспорттоодо кыйналып жатышат. Мөмө-жемиштер бузулуп кетпеш үчүн логистикалык борбор куруу зарыл”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

