super.kg logo

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттигинин мурдагы жетекчиси Каныбек Нарбаевге карата кылмыш иши козголду

 

КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттигинин мурдагы жетекчиси Каныбек Нарбаевге жана Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-мартта билдирди.  

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттигинин мурдагы жетекчиси Каныбек Нарбаев баштаган кызматкерлери борбор шаардын көчөлөрүн оңдоп-түзөөдө бааларды жогору кылып көрсөтүшкөн. Бир эле көчөнү оңдоп-түзөөдө 2 миллион 247 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Ашкан акча каражатын жеке кызыкчылыктары үчүн колдонушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.03.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурбек Текебаев кыргыздын баатыры мамилекетибизди
онуктуро алат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: