Нарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кайрадан митингге чыгышты
Бүгүн, 24-мартта Нарын шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын “Үмүт кутман” коомдук уюмунун мүчөлөрү кайрадан митингге чыгышты. Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын талабы турак жай маселеси болууда.
Алар мамлекет тарабынан бөлүнгөн 3,5 миллион долларга үй куруу мүмкүн болгонун билдирип, “бийлик үй салып бербесе да, жашачу жай таап берсин” деген ойду айтышууда. Суроо-талап менен чыккан 20-30 кишиге Нарын шаардык мэриясынын аппарат башчысы Кубан Чымылдаков жолугуп, бул суроо жакынкы 10 күн ичинде чечилерин убада кылды.Буга чейин 17-мартта майыптар нааразылык акциясына чыгып, талаптары аткарылбаса, Бишкекке чейин барышарын билдиришкен. Аталган облуста 300гө жакын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aitmerek

24.03.2014. 16:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Митинг бизде салтка айланып калды окшойт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.