super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда Акаевдин бийлигинин кулаганына 9 жыл толду

 
2005-жылдын 24-мартындагы элдик көтөрүлүш... Ошол кездеги оппозиция лидерлеринин бири Курманбек Бакиев. Анда өзү да Аскар Акаевдин кейпин кийип, өлкөдөн качып чыгары оюна келе элек мезгил
Акаевдик режимге каршы чыккан эл Ак үйдү басып алган маал
Авторитардык режимге каршы чыккан кыргызстандыктар
Авторитардык режимге каршы чыккан кыргызстандыктар
Аскар Акаев үй-бүлөсү менен 9 жылдан бери Москвада баш калкалайт

Бүгүн, 24-март - Кыргызстанда президент Аскар Акаевдин бийлиги кулатылган күн. Авторитардык режимге каршы көтөрүлүп чыккан эл 2005-жылдын 24-мартында февраль айында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, одоно мыйзам бузууга барган бийликти тактыдан оодарган. Акаевдик режимдин кулашына 2005-жылкы парламенттик шайлоо акыркы себеп болуп бергени маалым. 

Борбордук "Ала-Тоо" аянтына өлкөнүн ар тарабынан келген карапайым калк топтолуп, президенттин отставкасын талап кылышкан. Ага чейин жерлердин жең ичинен сатылышы, туура эмес кадрдык саясат, мамлекеттик башкарууга президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн аралашуусу өңдүү каталар элдик чыңалууга алып келгени факт. 2002-жылкы Аксы окуясы, ага күнөөлүүлөрдүн жазаланбаганы да президентке болгон элдин ишенимин жоготкон. 2002-жылы Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылып кетишине, депутат Азимбек Бекназаровдун камалышына каршы чыккан аксылыктарга акаевдик бийлик ок чыгарып, андан 6 адам каза тапканы белгилүү. 

Элдик толкундоонун сүрүнөн тайсалдап, Аскар Акаев президенттик креслосун таштап, өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин Курманбек Бакиев президент болуп шайланып, өлкөнү жаңы бийлик башкара баштайт. Ал бийликтин тушунда, 2008-жылдан кийин 24-март календарда кызыл менен белгиленип, "Элдик революция күнү" деп майрамдалып келип, 2011-жылы ЖКнын депутаттарынын сунушу менен бул күн "Элдик революция күнү" деген статусун жоготкон. 

Демилгечи депутат Дастан Бекешев 2010-жылдын 7-Апрель окуясынан кийин 24-мартты революция күнү деп эсептөөнүн зарылчылыгы жок экенин айткан. Мындан кийин парламент атайын чечим кабыл алып, андан бери бул күн календарда кызыл эмес. 


кошулду





24-март, 2005-жыл

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: