Самара шаарындагы кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешти

Самара шаарындагы кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешти. "Манас-Ата" кайрымдуулук фонду Нооруз майрамы менен куттуктап, катышуучуларды дасторкон үстүндө сыйлады. Майрамга карата кечинде футбол жана волейбол боюнча командалар арасында мелдеш өткөрүлдү. Жыйынтыгында футбол боюнча 1-орунду "Нур", 2- орунду "Ислам", 3-орунду "Темирлан", волейбол боюнча 1-орунду "Мебельный", 2-орунду "Манас-Ата", 3-орунду "Жаштар" командалары жеңип алышты. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана башка баалуу белектер тапшырылды. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.