super.kg logo
  Саясат  

Жылдыз Жолдошованын “Курманжан датка” фондуна дагы 4 миллион сом бөлүнүп жатканына депутаттар нааразы

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 24-марттагы жыйынында депутаттар “Курманжан датка” фондуна дагы 4 миллион сом бөлүнүп жатышына нааразычылык билдиришти. Депутат Эркингүл Иманкожоева каржы министрине кайрылып “Эмне үчүн кайрадан 4 миллион сом бөлүнүп жатат?” деп сурады.

Каржы министри Ольга Лаврова “Курманжан датка” комплексиндеги музейдин курулушу аяктайын деп калганын, акча өкмөт менен биргеликте каралганын айтты. “Эгер комитет “анча акча жумшалбашы керек” деп чечсе, биз алып коюшубуз мүмкүн”,- деди министр.

Эскерте кетсек, аталган фондду ЖКнын депутаты Жылдыз Жолдошова жетектейт. Фонд буга чейин Ысык-Көлгө “Курманжан датка” комплексин куруу үчүн мамлекеттен ири суммада акча алып, ал жерге музейден сырткары жеке пайдаланууга коттедж куруп алганы айтылган. Ушул жана башка фактылар боюнча учурда Эсептөө палатасы текшерүү жүргүзүп жатканын Иманкожоева билдирген эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: