super.kg logo
  Саясат  

Быйыл “капиталдык салымдар” беренеси менен каржылана турган жайлардын тизмеси такталбай жатат

 

2014-жылы республикалык бюджеттин эсебинен “капиталдык салымдар” беренеси менен каржылана турган жайлардын тизмеси такталууда. Маселе бүгүн, 24-мартта ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинде каралды. Каржы министри Ольга Лаврованын билдиришинче, аталган берене боюнча курулуш мекемелерин салууга 2 миллиард 500 миллион сом каралып, ага 199 мекеме кирген. Бирок тизменин тегерегинде талаш күч.

Бул багытта Бишкек шаары жана Чүй облусуна 186 миллион 694 600 сом, Баткен облусуна 230 миллион 815 600 сом, Жалал-Абад облусуна 200 миллион  939 200 сом, Ысык-Көл облусуна 69 миллион 850 100 сом, Нарын облусуна 105 миллион  501 миң сом, Ош облусуна 533 миллион 388 600 сом, Талас облусуна 104 миллион сом каралган. Мындан сырткары бир катар мекемелерге таандык курулуштар да бар.

Архитектура жана курулуш агенттигинин директору Турдубек Мамбетовдун айтымында, акчанын тартыштыгынан улам бул жолу мурда башталып калган курулуштарды бүтүрүүгө, социалдык багыттагы объектилерди курууга басым жасалып жатат. Маалыматты ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: