Футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогун “Дордой” утуп алды

Футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогун “Дордой” утуп алды. Анда “Дордой” футбол клубу Ош шаарынын “Алай” футбол клубу менен кез келип, 3:0 эсебинде жеңишти камсыздады. 2 голду Дроган Милованович өз эсебине жаза алса, 1 голду Азамат Байматов киргизди.
Кошумчалай кетсек, ар бир сезон Суперкубок оюну менен ачылат. Анда Көз карандысыздык Кубогунун жеңүүчүсү менен ТОП-Лиганын чемпиону кез келет. 2013-жылы бул эки мелдеште тең “Алай” жеңүүчү аталган. “Дордой” Суперкубокто ойноо мүмкүнчүлүгүнө ТОП-Лигада 2-орунду ээлеген соң ээ болгон. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.