Венесуэладагы массалык баш аламандыкта кош бойлуу аялга ок тийип, каза тапты

Венесуэланын Гуайкайпуро шаарчасында өткөн массалык баш аламандыкта 25 жаштагы кош бойлуу аялга ок тийип, каза тапты. Маалыматка ылайык, 5 айлык боюнда бар айым ооруканага бара жаткан. Ал митингчилердин айынан токтоп турган автобустан түшүп, жөө барууга аракет кылган. Ошол учурда ага ок тийген. Азыркы тапта полиция кызматкерлери мерт болгон айымдын өлүмү боюнча тергөө амалдарын жүргүзүшүүдө.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Венесуэладагы баш аламандыкта каза болондордун саны 36га жетти. 22-мартта 26 жаштагы активисттердин бири Архенис Эрнандести мотоцикл сүзүп көз жумду. Мотоциклдин айдоочусу митингчилер орноткон баррикададан өтүп жатканда митингдин катышуучусун сүзүп кеткен.
Ошондой эле Мерида шаарында белгисиз адамдар тарабынан Хесус Орландо Лабрадор өлтүрүлгөн. Айрым маалыматтарда "атып кеткен адамдар өкмөттүн жактоочулары" деген божомолдор айтылган.
Мындан сырткары 21-марттагы кагылышууда 31 жаштагы автобустун айдоочусу атылган. Февраль айынын орто ченинде аталган өлкөнүн студенттери нааразылык акциясына чыгышкан. Акыркы маалыматтар боюнча, полиция менен митингчилердин кагылышуусунда көздөн жаш чыгарчу газ колдонулуп, таштар ыргытылууда. 20 миңге чукул адам катышкан кагылышууда 9га жакын адам камакка алынган. Бул тууралуу 25-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Эске салсак, Венесуэладагы массалык нааразылык акциялары 2014-жылы 4-февралда башталган. Алгач Тачира штатында өтүп, андан соң башка шаарларга жайылган нааразылык акциялары Меридага жана өлкөнүн борбору Каракас шаарына жеткен. Студенттер окуу жайларындагы коопсуздук тийиштүү деңгээлде эмес экенин айтып митингге чыгышкан. Кийинчерээк экономикалык каатчылыкка каршы акциялар башталып, митингчилер өлкөдөгү кырдаал боюнча бийлик өкүлдөрүн күнөөлөшкөн. Бир катар митингчилер күч органдары тарабынан камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Гулжигит

26.03.2014. 09:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына митингтин пайдасы!
aslan_akjol89

26.03.2014. 11:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ххх себе шаарча,ушунча кооз, чон шаарчабы?ажалы жеткен адамды чымын чагып олтурот деген ушу.
Модератор admin_superstan түзөттү 26.03.2014 11:40
admin_superstan

26.03.2014. 11:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aslan_akjol89, көпчүлүккө таандык этика нормаларынан алыстабаңыз.
Aik95

26.03.2014. 11:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ мен качанга чейин жаны катталган конок болом катталганыма жакында 4 ай болот ?
admin_superstan

26.03.2014. 11:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aik95, катталаган соң 100 күндөн кийин.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.