super.kg logo

Коргоо министрлиги "каракчылык кылды" деп шектелип жаткан аскер кызматкерлери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт

 

Коргоо министрлиги "каракчылык кылды" деп шектелип жаткан аскер кызматкерлери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт. Атайын топ аскер бөлүгүнө жөнөп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 24-мартта билдирди.

Эске сала кетсек, 19-марттан 20-мартка караган түнү саат 01:30 чамасында Бишкек шаарынын Тынчтык проспекти менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишиндеги “Люкс” караоке-клубуна бет капчан адамдар кирип келишип, Корея Республикасынын А.Е. аттуу жаранын коркутуп, 3000 доллар акчасын жана 6 даана уюлдук телефонун алып кетишкен.

Бул кылмышка шектелип төмөндөгү жарандар кармалышкан:

- Т.Канат, 39 жашта, Ысык-Көл облусунун тургуну. Ал Бишкек шаарындагы Аскер бөлүктөрүнүн биринин сержанты болгон.

- К.Адилет, 25 жашта, Нарын облусунун тургуну. Ал Бишкек шаарындагы Аскер бөлүктөрүнүн биринин сержанты болгон.

- И.Асет, 23 жашта, Чүй облусунун тургуну. Бишкек шаарындагы Аскер бөлүктөрүнүн биринин кичи сержанты болгон.

- Б.Мирлан, 24 жашта, Нарын облусунун тургуну. Убактылуу иштебейт.

- Бекболот, 23 жашта, Нарын облусунун тургуну. Убактылуу иштебейт.

Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: