super.kg logo
  Саясат  

"Айылды туруктуу өнүктүрүү" долбооруна 9 миллион доллар насыя бөлүнгөнү жатат

 

"Айылды туруктуу өнүктүрүү" долбооруна 9 миллион доллар насыя бөлүнгөнү жатат. Жогорку Кеңеште бүгүн, 24-мартта "Айылды туруктуу өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө КРнын Өкмөтү менен "Ислам" өнүктүрүү банкынын ортосунда "Кредиттик макулдашуунун" долбоору жана "Айылды туруктуу өнүктүрүү" долбоорун даярдоого каражат алууга өкмөт менен "Ислам" өнүктүрүү банкынын ортосундагы техникалык жардам жөнүндө макулдашуу долбоору жактырылды.

Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, эки келишимдин алкагында элеттин көйгөйлөрүн чечүү максатында 9 миллион доллар өлчөмүндө насыя каражаты бөлүнөт. Ал Чүй облусунун Кемин, Жайыл, Панфилов райондору үчүн 0,75 пайыздык үстөгү менен берилмекчи. "Айылды туруктуу өнүктүрүү" долбоору пилоттук долбоор болуп саналгандыктан, ал натыйжалуу болсо, өлкөнүн башка аймактарына да жайылтыла баштайт",- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: