Панфилов районундагы автокырсыктан бир адам каза болду
Чүй облусунун Панфилов районундагы автокырсыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 20-декабрь күнү саат 14:00 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунан Мерседес-Бенц 213 унаасынын 29 жаштагы айдоочусу 18 жаштагы жергиликтүү тургунду коюп кеткен. Жыйынтыгында жабырлануучу ооруканага жеткирилип, эсине келбей каза болгон. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.