“Дордой” футболдук клубу “Алайды” утуп, Суперкубокко ээ болду (фоторепортаж)
Оюн курч мүнөздө өттү. Дэвид Тетте 90 мүнөт бою майданда болду.


Оюн курч мүнөздө өттү. Дэвид Тетте 90 мүнөт бою майданда болду.

Оюндун басымдуу бөлүгү майдандын борбордук бөлүгүндө өттү. "Дордойчулар" атаандаштарынын коргоочуларын көп ирет жаңылууга мажбурлашты.

Эреже боюнча Суперкубок ТОП-Лиганы уткан команда менен Кыргызстандын көз карандысыздык Кубогун уткан команданын ортосунда талашка түшөт. Өткөн жылы бул эки мелдешти тең "Алай" утуп алган. Мындай кырдаалда жобо боюнча ТОП-Лиганын вице-чемпиону Суперкубок үчүн күрөшөт.

7-катар санында майданга чыккан Азамат Байматов экинчи голду киргизди.

"Дордой" футболдук клубунун кожоюну Аскар Салымбеков майдан четинде оюнга көз салып отурду.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу оюн "Дордой" спорт- комплексинде болду. Күйөрмандар сүйүктүү командаларын колдоп турушту.

Оюн 3:0 эсебинде жыйынтыкталды. "Дордойдун" футболчулары колдоп келгендерге ыраазычылык билдиришүүдө.

Аскар Салымбеков жеңиш алып келген футболчулардын баарын куттуктап чыкты.

"Алай" футболдук клубунун капитаны Алмазбек Мирзалиев "Алайдын" курамында алгачкы күмүш медалын тагынууда.

КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү бишкектик клубду жаңы гана машыктырып баштаган машыктыруучу Завиша Милославльевичке сыйлык тапшырышууда.

"Дордой" - Суперкубоктун ээси.
Бүгүн, 24-мартта Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогу үчүн бишкектик “Дордой” менен Ош шаарынын “Алай” клубдарынын ортосунда беттеш орун алды. Оюн 3:0 эсебинде “дордойчулардын” жеңиши менен аяктады.
Бул оюн “Дордой” үчүн 2014-жылдын эсебинен алгачкы расмий оюн болду. Ал эми “Алай” алгач АФКнын Кубогунун тандап алуу турунда 1 оюн, ушул эле мелдештин финалдык баскычында 3 оюн өткөрүүгө үлгүргөн.
Кошумчалай кетсек, “Алай” эң жакын арада өз күйөрмандарын кубантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анткени ТОП-Лиганын 2014-жылкы сезонунун 1-турунда бул командалардын оюну орун алат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aitmerek

24.03.2014. 19:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакгы оюун болуптур да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.