Бишкекте бүгүн, 25-мартта “Аялдарга жана кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотуу” деген ураан астында жөө жүрүш өтөт
Бүгүн, 25-мартта Бишкекте активисттер “Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотуу” деген ураандын астында жөө жүрүш өткөрүшөт. Бул тууралуу “Сообща” кыймылынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара саат 13:30да Жибек Жолу-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде башталат. Жөө жүрүштүн катышуучулары аталган кесилиште чогулушуп, Эркиндик, Абдумомунов, Панфилов, Логвиненко көчөлөрү менен басышат. Жөө жүрүш “Сообща” кыймылынын кайрылуусун Жогорку Кеңештин депутаттарына тапшыруу менен аяктайт.Иш-чарада “Биз теңчилик
жана адилеттүүлүк үчүн!”, “Кыргызстандагы зордук-зомбулук жана
ксенофобияга каршы туруу үчүн пикирлештиктин жана биригүүнүн мезгили!” жана башка ушул сыяктуу ураандар айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.