Депутаттар ички иштер министринин комитет жыйынына келбегенин сынга алышты
ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 25-марттагы жыйынында депутаттар ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун баяндама жасашына каршы болушту. “Мыйзам долбоору боюнча, ички иштер министри баяндама жасайт” деп турат. Эмне үчүн министр өзү келбейт? Жок дегенде кетеринде бир келип койбойбу?”- деди депутат Мыктыбек Абдылдаев. Муну башка депутаттар да колдошту, бирок талаш-тартыштан кийин Асановго баяндама жасоого уруксат берилди. Ички иштер министринин орун басары БУУнун "Тынчтыкты сактоо" программасы боюнча чет өлкөгө укук коргоо кызматкерлерин кызмат кылууга жөнөтүү маселеси боюнча доклад жасоодо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

