super.kg logo

Ак-Босого жаңы конушундагы адам өлтүрүү фактысына шектүү адам кармалды

 

Ак-Босого жаңы конушундагы адам өлтүрүү фактысына шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 23-март күнү саат 23:30 чамасында аталган жаңы конуштагы №81-мектептин жанында белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, жансыз дененин бычактан жараат алганын аныкташкан. Ошондой эле маркумдун өздүгү да такталган. Ал 47 жаштагы Нарын облусунун тургуну болгон.

Бул факты боюнча Биринчи Май райондук милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 49 жаштагы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургунун кармашкан. Анын айтымында, каза болгон адам экөө арак ичип отурушуп, ортосунда уруш чыгып кеткен. Анан ал жанындагы бөтөлкөлөшүн бычак менен сайып салган.

Учурда “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: