super.kg logo

Бишкекте “Ленин” заводуна кол салган эки кылмыштуу топ кармалды

 
24 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну С.Медер
28 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну М.Нурмат
24 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну И.Алмаз
30 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Улан
26 жаштагы Арашан айылынын тургуну Б.Таалай

Бишкек шаарындагы “Ленин” заводунан баасы 12 000 сом болгон автотрансформатор уурдалып, ага шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган кылмышка шектелип заводдун кароолчусу болуп эмгектенген борбор шаардын 28 жаштагы тургуну М.Нурмат жана Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну И.Алмаз кармалышкан. Шектүүлөр күнөөлөрүн моюнуна алышты. Далил катары алардын жанынан кычкач, металл кескич каражат, отвёртка, балка жана башка аспаптар табылган.

Ошол эле суткада аталган заводдун аймагында үч кишиден турган экинчи кылмыштуу топ кармалды. Алар: заводдо кароолчу болуп иштеп кеткен Арашан айылынын 26 жаштагы тургуну Б.Таалай, Бишкек шаарынын 30 жаштагы тургуну А.Улан, Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну С.Медер. Кармалган адамдар дагы бир канча кылмышка тиешелери бар делип шектелүүдө. 

Белгилей кетчү нерсе, эки топтун бири-бирине тиешеси жок.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.03.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карышкырга кой кайтарткан экенсинерда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: