ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер Бишкекке келди

Кечээ, 24-мартта ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер Бишкекке расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Дүйнөлүк футболдо кадырлуу орду бар швейцариялык жетекчи 24-март күнү кечинде “Манас” аэропортуна келип түшкөн.
Кошумчалай кетсек, Блаттер расмий иш сапарынын алкагында “Гол-3” долбоорунун негизинде курулган футболдук майдандын ачылыш аземине катышат жана журналисттер менен жолугушуу өткөрөт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.