super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Эртең парламенттин бардык фракциялары коалиция түзүү боюнча КСДПнын лидерине жоопторун айтышы керек"

 

Бүгүн, 25-мартта "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналисттерге "эртең парламенттин бардык фракциялары коалиция түзүү боюнча КСДПнын лидерине жоопторун айтышы керек" деп билдирди. 

Анын айтымында, КСДП фракциясы коалиция түзүү боюнча бардык фракцияларга сунуштарды жөнөттүк деп айтууда. Бирок социалисттер расмий чакырууну алыша элек. "Биздин да өзүбүздүн шарттарыбыз бар. Алардын катарында коалициянын мүчөлөрү адилеттүүлүк үчүн кылмыш иши козголгон депутаттарды укук коргоо органдарына бериши керек. Анан туугандарын өкмөттөгү жетекчилик кылган кызматтарга тартпасын”,- деди ал.

Эске салсак, 18-мартта “Ата Мекен” фракциясы “Ырыс алды - ынтымак” коалициясынан чыгуу чечимин кабыл алган. 19-мартта Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү отставкага кеткен. 20-мартта КСДП фракциясына жаңы коалиция түзүү укугу берилген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: