super.kg logo

Свердлов районунда бир канча уурулук фактыларынын бети ачылды

 

Свердлов районунда бир канча уурулук фактыларынын бети ачылды. Маалым болгондой, Ак-Тилек-2 жаңы конушундагы Н.Айзаданын үйүнө белгисиз адамдар кирип, телевизор, уюлдук телефон жана 3000 сомун уурдап кетишкен. Бул кылмышка шектелип Бишкек шаарынын тургуну К.Нурлан кармалды.

Мындан сырткары Ибраимов көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн товар уурдалган. Кылмышка шектелип Ак-Босого жаңы конушунун тургуну Ж.Даниел кармалды.

Алма-Ата жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Империя” кафесинен 8000 сомдук уюлдук телефон уурдалган. Буга шектүү катары Ак-Босого жаңы конушунун тургуну К.Кумарбек кармалды.

Ошондой эле соода үйүнүн унаа токтотуучу жайында токтоп турган Хонда Аккорд унаасынан 50 000 сомдук "Асус" үлгүсүндөгү ноутбук уурдалган. Кылмышка шектелип Казак Республикасынын Тараз шаарынын тургундары К.Чыңгыз, А.Тынарбек жана У.Самат кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-мартта билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: