Тармактык комитет ЖКнын Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрагалыгына Наталья Никитенконун талапкерлигин жактырды
Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитетинин 25-марттагы жыйынында ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрайымдыгына депутат Наталья Никитенконун талапкерлиги жактырылды. Анын талапкерлиги бир добуштан колдоого алынды.
Эскерте кетсек, аталган комитетти буга чейин экс-депутат Эркин Алымбеков жетектеп келген. Ал “Кумтөр” боюнча үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү боюнча өкмөттүн меморандумуна каршылык билдирүү иретинде мандатынан баш тартканы белгилүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

