ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер Бишкектеги майдандын ачылышына катышып, журналисттер менен баарлашты (фоторепортаж)
Йозеф Блаттерди боорунда "ФИФА" деген жазуусу бар кийимдер менен жаш футболчулар тосуп алышты.


Йозеф Блаттерди боорунда "ФИФА" деген жазуусу бар кийимдер менен жаш футболчулар тосуп алышты.

Швейцариялык спорт ишмерине алгач майдан тууралуу так маалымат берилди.

ФИФАнын делегациясы майданга өтүп, расмий ачылыш болчу аянтка келишти.

КРнын Футбол федерациясынын вице-президенти Аскар Салымбеков Блаттерге федерациянын атынан ыраазычылык билдирди.

Андан соң кадырлуу конок сөз алды. "ФИФА кыргыз футболунун өнүгүүсүнө салым кошуп жатканына ыраазы жана мындан ары да улантабыз",- деди ал өз сөзүндө.

Лента кесилип, майдандын ачылышына Блаттер жана КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов катышты.

"Гол-3" долбоорунун алкагында салынган футболдук майдандын курулушуна жалпысынан 600 000 доллар каражат сарпталган.

Салттуу ачылыш аземинин катышуучулары Блаттер менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

Сыйлуу конокту тосуп алууга катышкан жаш футболчулар расмий түрдө ачылыш аземи болгон футболдук майдандан чыгып келишүүдө.

Блаттер мырзанын катышуусундагы пресс-конференция алдында...

Зепп Блаттер журналисттерге ачык жооп узатып жатты. Ага берилген суроолордо кыргыз футболунун келечеги, ФИФА тараптан болгон жардам тууралуу соболдор басымдуулук кылды.
Бүгүн, 25-мартта Бишкекке ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер келип, "Гол-3" долбоорунун алкагында салынган футболдук майдандын расмий ачылыш аземине катышты. Андан тышкары журналисттер менен жолугушуу өткөрүп, дал ушул долбоордун тегерегинде бир канча суроого жооп кайтарды.
Автор: Максат Кудайбердиев
Кошумчалай кетсек, 10-мартта 78 жашка толгон швейцариялык ишмер Блаттер ФИФАнын президенти катары 1998-жылдан тарта эмгектенип келет. Буга чейин ал 2007-жылы Бишкекке расмий иш сапары менен келип кеткен эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(3)
Mech.kg

25.03.2014. 15:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стадиондун аянты канча экен стандарт??? Же кичинеби?
ali.95

25.03.2014. 15:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол стадион жонундо маалымат жазып койсонор
mir89kg

25.03.2014. 23:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото жакшы иш болуптур, менда каалайт элем чын журогумон Кыргыз командасын дуйноо чемпионаттарына катышышын!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.